Рельс

Википедия дан

Рельс (латынча regula – түз таяк) – туура кесилиши белгилүү формадагы (кыры жумуру, томпок же кобул сымал) тилке болоттон жасалган прокат. Аларды эки же бир катар төшөп, ар кандай темир жолдор курулат. Рельстүү темир жол метрополитендин кыймылдуу курамынын (поезд, дрезина, трамвай) локомотивдери жана вагонеткалары, крандуу арабачалар, көтөргүч крандар ж. б. жылып жүрмө, бурулма конструкциялардын жылып жүрүшүнө арналган. Биринчи металл рельс 1767-жылы Улуу Британияда жасалган. Темир жол рельси жолдун үстүнкү бетине коюлган таянычтарга (шпалга) орнотулат. Ошол таянычтарга бекитилип жана өз ара туташтырылып, рельстүү колеяны түзөт. КМШ өлкөлөрүндө темир жол рельсинин 4 түрү (Р43, Р50, РВ5 жана Р75) бар. Анын түрү жолдун жүк көтөрүмдүүлүгүнө жараша тандалат. Жолдун ийри бөлүктөрүндө кыскартылган рельстер пайдаланылат. Трамвай рельси темир жол рельсиндей эле жасалат да, адатта кобул сымал оюгу, бийиктиги жана туура кесилиш аянты чоң. Алар 15–18 м узундукта чыгарылат. Кен казуу транспорту, жылып жүрмө көтөргүч крандар жана алардын механизмдери, бурулма жана айланма конструкция менен агрегаттар ж. б. үчүн темир жол рельсинен жеңил, айрым учурда атайын формадагы рельс пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]