Боо-Терек
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Боо-Терек
|
Боо-Терек — Кыргызстандын Талас облусунун Бакай-Ата районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Боо-Терек айыл аймагына кирет.
Талас―Тараз унаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 975 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Бакай-Ата кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта, Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 75 км.
1891-жылы отурукташкан. Калкы негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, спорт комплекси, универсал дүкөн, турмуш-тиричилик комбпнатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 5596 киши (2009-жылы)[1]. 2005-жылы ― 4662 киши.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4