Айтматов району
Көрүнүш
("Карабуура району" барагынан багытталды)
| Айтматов району | |
|---|---|
| район | |
| Өлкө | Кыргызстан |
| Облус | Талас |
| Seat | Кызыл-Адыр |
| Time zone | GMT +5 (UTC+5) |
Айтматов району (мурдагы Кара-Буура району) — Кыргызстандын Талас облусундагы район. Борбору Кызыл-Адыр айылы[1].
Айтматов районундагы калктын негизги чарбасы: дыйканчылык (анын ичинде төө буурчак, болгар калемпири ж.б. өсүмдүктөрдү өстүрүү), мал чарбачылыгы, токойчулук, балык өстүрүү, балчылык, сүт азыктарын өндүрүү ж.б.
Бул райондо Чыңгыз Айтматов туулуп-өскөн Шекер айылы, Чолпонбай Түлөбердиев туулган айыл (азыркы Чолпонбай айылы) ж.б. жайгашкан.
Райондо Юридикалык академиянын бөлүмү (филиалы) жайгашкан.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Райондо 10 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 24 айыл бар[2]:
- Ак-Чий айыл аймагы: Жоон-Дөбө (борбору), Жийде;
- Бейшеке айыл аймагы: Бейшеке (борбору), Кара-Буура, Кара-Суу;
- Бакыян айыл аймагы: Бакыян (борбору), Тамчы-Булак, Камаш;
- Аманбаев айыл аймагы: Аманбаев (борбору), Ак-Жар, Куру-Маймак, Суулу-Маймак;
- Бакайыр айыл аймагы: Ак-Башат (борбору), Кара-Сай;
- Кара-Буура айыл аймагы: Кызыл-Адыр (борбору), Чоң-Кара-Буура, Үч-Булак;
- Көк-Сай айыл аймагы: Көк-Сай (борбору), Кайнар;
- Чолпонбай айыл аймагы: Чолпонбай (борбору), Көк-Дөбө;
- Шекер айыл аймагы: Шекер (борбору), Арчагул;
- Маймак айыл аймагы: Маймак (борбору).
Айтматов районундагы калктуу конуштардын картасы.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | |
|---|---|---|
| Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
| Ысык-Көл облусу | Ак-Суу · Жети-Өгүз · Тоң · Түп · Ысык-Көл | |
| Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
| Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
| Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
| Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
| Бишкек шаары | Октябрь · Биринчи май · Свердлов · Ленин · Чоң-Арык ш.т.а · Орто-Сай айылы | |
| Ош шаары | ||