Монголиядагы (Сужа) кыргыз эстелиги

Википедия дан

Монголиядагы (Сужа) кыргыз эстелиги - илимге «Сужа эстелиги» деген ат менен кирип калган эпитафиялык жазуу эстелиги атактуу түрколог Г.И.Рамстедт тарабынан 1900-ж. Монголиянын Сужин-Даван деген жеринен табылган. Бул рун сымал жазуу эстелиги кыргыздар тарабынан аткарылган. Эстеликте 840-ж. Кыргыз каганатынын Уйгур мамлекетин талкалаган окуялары чагылдырылат. Таштагы жазууда: «Уйгур жерине мен - Яглакар-ата келдим. Мен Кыргыз уулумун (перзентимин). Мен - Бойла Бага Тарханмын, буйрук берүүчүмүн (сотмун). Атак-даңкым күн чыгыштан күн батышка жетти. Короом толо мал, жылкым сансыз эле. Уулдарымды үйлөдүм, кыздарымды калыңсыз күйөөгө бердим. Жээнимди, неберелеримди көрдүм. Эми оо дүйнөгө кеттим. Уулум, эр жеткенде окутуучуңдай бол, ханга кызмат кыл, кайраттан. Тун уулум жүрүшкө кетти, көрбөй калдым. Уулум...» - деген кыргыз тарыхы үчүн өтө баалуу маалымат бар. Бойла, Бага, Тархан - байыркы кыргыздардын мамлекеттик-башкаруу системасындагы жогорку кызмат титулдары болгон. Мисалы, бойла - мамлектеттик министр, башкаруучу, бага - аймактын, округдун башкаруучусу, тархан -мамлекеттин алдында кызмат өтөгөндүгү үчүн ар кандай милдеткерликтен (салык жана башка милдеткерликтер) бошотулган адам жана башкалар туюнткан. Жазуу эстелиги орто кылымдардагы кыргыз тарыхы, тили боюнча өтө маанилүү булак болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]