Монголиянын аймагындагы «кыргыз» уруктары

Википедия дан

Монголиянын аймагындагы «кыргыз» уруктары - «кыргыз» этноними өз алдынча уруктардын аталыштары катары Түндүк- Батыш Монголиядагы дэрбэт, урянхай, хотон, жана мингаттардын (мангут-мангыт) курамдарынан кездешери такталган. 11-к. азыркы Монголиянын аймактары Кыргыз каганатынын курамына караштуу негизги жерлер болгон. Кара кытай, андан соңку найман чабуулдары кыргыздарды бул аймактардан кетүүгө мажбурлаган. Бул учурдагы калып калган айрым кыргыз этнокомпоненттери 11-к. тартып, азыркы Монголиянын аймактарына көчүп келе баштаган монгол урууларынын курамына кирүүсү толук мүмкүн. Бул этностук компоненттердин айрым бөлүктөрү аталган этнографиялык топтордун курамына 12-14-кк. кара кытай, монгол жапырыгында, айрымдары энесайлык кыргыздар Жунгар хандыгы тарабынан зордоп көчүрүлгөн мезгилде кирүүсү ыктымал. 1703-ж. 4000 түтүн кыргыз Цеван Рабдандын аскерлери тарабынан Жунгарияга көчүрүлүп кеткендигин орус документтери тастыктайт. Кызыктуусу, жогоруда аталган этнографиялык топтордун баарында тең, «кыргыз» аты менен бирге, «бурут» аттуу уруктар кездешери маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]