Моногенеялар

Википедия дан

Моногенеялар – мите жалпак курттар классы. Дене узундугу ммден 2–3 смге чейин. Балыктын денесинин сыртында жана бакалоорунда жашоочу эктомителер, чанда эндомителер, мисалы, жерде-сууда жашоочулар менен сойлоочулардын (таш баканын) ички органдарында жашайт. Денесинин арт жагында ээсине жабышкыч (бекингич) дисктери болот. Кээде ал диск күчтүү соргучка айланат. Денесинин алдынкы жагында оозу жайгашкан, тамак сиңирүү системасы жакшы өөрчүгөн. Кан айлануу жана дем алуу органдары жок. Бөлүп чыгаруу системасы протонефридий тибинде болуп, эки жагынан жылчыктар ачылат. Нерв системасы, сезүү жана көрүү органдары бар. Моногенеялар – гермафродиттер, жумуртка, чанда жумуртка-тирүү, тирүү тууйт. 2 классчасы, 2000дей түрү белгилүү. Айрым түрлөрү көлмөлөрдө өстүрүлүүчү жаш балыктарга мителик кылып, зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]