Монокультура

Википедия дан
Монокультура (АКШ).

Монокультура (моно... жана лат. cultura – өстүрүү, өнүктүрүү) дыйканчылыкта – чарбада дайыма өстүрүлүүчү өсүмдүктүн жалгыз түрү; өсүмдүктүн бир эле түрүн көп жылдар бою бир эле жерде үзгүлтүксүз өстүрүү. Мында башка өсүмдүк менен которуштуруп эгүү (кезектештирүү) сакталбайт. Монокультура топурактын физикалык жана Химиялык касиеттерин, сапатын начарлатып, ошол өсүмдүктүн зыянкечтери менен илдеттерин, отоо чөптөрүн көбөйтөт, топурактагы пайдалуу микроорганизмдердин таасирин азайтып, зыяндуулары өөрчүйт, айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн түшүмүн төмөндөтөт. Айрыкча отолмо өсүмдүктөрдү эккенде (күн карама, жүгөрү жана башкалар) топурак тез арыктайт. Монокультура шартында пахтанын түшүмү 2–3 эсе төмөндөйт, зыянкечтер (желеме кене, күздүкчү үкүчө жана башкалар) тез көбөйөт, ак балек жана башкалар. илдетке чалдыгат. Дан эгиндерин кара сойлок, күрүчтү күрмөк басат. Мындай жерлерге жер семирткич чачуу бул процесстерди азайтат, бирок мыкты натыйжа бербейт. Азыркы дыйканчылык шартында табигый-климаттык шартка жараша айыл чарбаөсүмдүктөрү ургаалдуу которулуштуруп эгилгендиктен, монокультура колдонулбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]