Монополияга каршы жөнгө салуу

Википедия дан

Монополияга каршы жөнгө салуу - 20-к. дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө чарбанын түрдүү тармактарында атаандаштыкты колдоо максатында монополиялыкка каршы бир катар мыйзамдар кабыл алынган.

Монополияга каршы жөнгө салуу саясаттын негизги максаты монополиялык бааларды төмөндтүү жана алдын алуу менен өндүрүш тартыштыгын азайтуу жана алдын алуу монополиялык байлыкты кайрадан бөлүштүрүү менен коомдогу ресурстардын топтолушунун уңгусун борбордоштурбоо болуп саналат. Монополияга каршы жөнгө салуу көбүнчө мамлекет тарабынан, ал тургай базар мамилелеринин нугунда өнүгүп жаткан өлкөлөрдө да ишке ашырылат. Алсак, Кыргыз Республикасынын экономикасында буйрукчул-акимдик башкаруудан базар мамилелерине өтүү шарттарында монополиялыкка каршы бир катар мыйзамдарды кабыл алышы буга толук мисал боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9