Моноспектакль

Википедия дан

Моноспектакль(грекче monos — бир, жалгыз). «Манас» жана башкалар эпостор бир гана аткаруучу тарабынан аткарылып, анын окуялары, образдары да айтуучу аркылуу гана көрсөтүлгөндүктөн, аны камералык М. деп аныктоого болот. «Манас» — эпикалык, башкача айтканда баяндоочу театр. Бир гана аткаруучу, манасчы тарабынан баяндалат. «Манас» айтуу камералык спектакль катары биринчи иретте көрүүчү-угуучуларынын саны аркылуу мүнөздөлөт. Акустиканын мыйзамдарына ылайык «Манас» камералык чөйрөдө он-он беш, жыйырма-отуз, ашып кетсе кырк-элүү кишиге гана аткарылган. Анткени, андан ашык көрүүчү-угуучуларга аткаруу мүмкүн эмес. Манас айтуу үчүн атайын имарат же аянт талап кылынган эмес. Манасчы эл чогулган жерде — боз үйдүн ичинде, сыртта деле «Манас» айта берген. Эгерде боз үйдө аткарылса манасчы төргө отуруп, эл анын эки тарабына кыркаар тарта үй мүйүз болуп жайгашкан. Боз үйгө батпай калган эл боз үйдүн үзүк-туурдугун сыйрып жиберип, тегерете курчап отуруп, кулак төшөшкөн. Мындай учурда боз үйдүн керегелери манасчы үчүн декорациянын милдетин өтөгөн. Манасчы эч качан атайлап кийим алмаштырып кийген эмес. Кийип жүргөн кийими менен эле Манасты айта берген. Ал эми сыртта аткарган учурда манасчы дөңчөдөн же айдөш, көрүнө жерден орун алып, эл аны эки тарабынан курчай олтурган. Ордодо үй мүйүздөнгөн ачык аянт калган. Манасчынын тамагы каткан учурда ага жигиттер, бала-бакыра, келин-кыздар кымыз же башка суусундук сунуп турушкан, к. Айтуучу, Манасчы, Семетейчи.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4