Мазмунга өтүү

Монотематизм

Википедия дан

Монотематизм (грек. mono - жалгыз; thema - негизинде коюлган) - музыкалык теманы, жөнөкөйлөтүп айтканда, бир обонду түрлөп өзгөртүү аркылуу музыкалык чыгарма жаратуу принциби.

Монотематизмди жөнөкөй түзүлүштөгү жалгыз темалуу чыгармалардан болүп кароо зарыл. Монотематизм сонаталык симфониялык циклди жалгыз гема - лейтмотив, лейттема менен бириктирүүдөн келип чыгат. Мындай тема чыгарманын баш жагында пайда болуп, анын башка бөлүмдөрүндө да өзгөрүлгөн (кеңейтилген, кичирейтилген ж. б.) түрде ырааттуу колдонулат. Монотематизм негизинен 19-кылымдын композиторлорунун чыгармаларынан жолугат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.