Монохром нурлануусу

Википедия дан

Монохром нурлануусу - белгилүү чоңдуктагы жана турактуу жыштыктагы электр-магниттик нурдануу.

Монохром нурлануусу термининин пайда болушу термелүү жыштыгы түрдүү чоңдуктагы жарык толкундар адамдын көзүнө түрдүү түстө көрүнүшү менен байланышкан. Максвелл теңдемелерине негизделген электр-магниттик нурлануу теориясы Монохром нурлануусун турактуу амплитудага жана жыштыкка ээ болгон гармоникалык термелүүлөр катары карайт. Электр-магниттик нурлануунун тайпак монохром толкуну когеренттик талаанын мисалы. Монохром нурлануусу жөнүндөгү түшүнүк идеалдык деп эсептелет. Реалдык нурдануу кокус амплитудалуу, жыштыктуу, фазалуу, поляризациялуу бир канча монохром толкундарынын суммасынан турат. Эркин атомдордун (мис., сейректелген газдын атому) чыгаруу спектрлеринин айрым сызыктарына туура келүүчү нурдануу Монохром нурлануусуна жакын болот. Мындай сызык атомдун чоң энергиялуу абалынан кичине энергиялуу абалга өтүүсү менен байланышкан. Бул абалдардын энергиялары Еm жана Еn болсо, анда Монохром нурлануусунун жыштыгы vпл = (Em–En)/h0. Чоң энергиялуу абалда атом аз убакыт гана боло алат. Аныксыздыктын өз ара катышынын негизинде Em+ΔE; Em–ΔE ортосунда энергия каалагандай мааниге ээ болот. Ошондуктан, спектрдин ар бир сызыгынын нурлануусу ΔvmnΔE/h = =1/Δt жыштык интервалына туура келет. Идеалдык Монохром нурлануусу болбогондуктан, ичке спектрдик интервалдагы нурлануу алынат. Реалдык нурлануудан ичке спектр-дик интервалдагы нурларды бөлүп алуучу приборлор монохроматорлор деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]