Монро доктринасы

Википедия дан
Монро доктринасы.‎»‎ барагынан багытталды)
Джеймс Монро

Монро доктринасы - АКШнын президенти Ж.Монронун 1823-жылы 2-декабрда конгресске жиберген катындагы декларация. Анда АКШнын тышкы саясат принциптери жарыяланган. Мурдагы колониялык ээликтерин Испанияга кайра тартып берүүгө Ыйык союз камынган шарттарда иштелип чыккан. Монро доктринасын иштеп чыгууда АКШнын мамлекеттик секретары Ж.К.Адамс чоӊ роль ойногон. Монро доктринасы Америка континентиндеги өлкөлөрдүн иштерине европалык державалардын кийлигишисүүнө багытталып, Латын Америкасы АКШнын кол алдында туруусун жактаган. 19- кылымда жана андан кийинки кезде Монро доктринасын АКШ өзүнүн башка өлкөлөргө жасаган баскынчылыгын жана интервенциясын актоо үчүн пайдаланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Болховитинов Н.Н., «Доктрина Монро. (Происхождение и характер)», Москва 1959.