Монтаж

Википедия дан
Монтаж (1940).

Монтаж (кинодо)– фильм жаратуудагы чыгармачылык жана техникалыкпроцесс; тартылган кино кадрларын тандоо жолу менен композициялык иретке салуу. Монтажда кадрлардын ортосундагы маанилик, көркөмдүк, масштабдык-мейкиндик, кыймыл жана үн катыштары кылдат айкалыштырылып, бүтүн кино чыгарманы түзөт. М. формаларын өнүктүрүүгө А. Смит (Улуу Британия), Э. Портер, Т. Инс, Д. У. Гриффит (АКШ), А. Ганс (Франция), З. М. Эйзенштейн, Л. В. Кулешов, В. И. Пудовкин, Д. Вертовдор (СССР) зор салым кошкон. Кыргызстанда Р. Шершенова баштаган монтажчылар үзүрлүү эмгектенүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]