Мазмунга өтүү

Монтгомери Аламейнский Бернард Лоу

Википедия дан

Монтгомери Аламейнский Бернард Лоу (17. 11. 1887, Лондон – 24. 3. 1976, ошол эле жер) – британиялык аскер ишмери, фельдмаршал (1944), виконт (1946). Епископтун үй-бүлөсүнөн. Сандхерсттеги аскер академиясын бүткөн (1908). Биринчи дүйнөлүк согушка (1914–18), экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–45) башталышында Франциядагы жана Бельгиядагы согуштарга катышкан. 1942-жылы август – 1942-жылы октябрьноябрь айларында Эль-Аламейндин жанында италян-немис аскерлерин талкалаган 8-англис тилинде армияга командалык кылган. 1944-жылы июнда Нормандияга түшүрүлгөн (1944, июнь) союздаш армиялар тобунун, 1944-жылдын августунан Бельгияда, Нидерландда жана Түндүк Германияда согушкан 21-армиялар тобунун командачысы. 1945-жылы Германияда британиялык оккупациялык аскерлердин башкы командачысы, 1946– 48-жылы империя Генштабынын начальниги, 1948– 51-жылы Батыш союздун Коргонуу кеңешинин башкы командачылар комитетинин төрагасы, 1951– 58-жылы НАТОнун Европадагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын 1-орун басары болуп иштеген. Улуу Британиянын жана чет өлкөлөрдүн ордендери, а. и. СССРдин «Жеңиш» жана 1-даражадагы Суворов ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]