Монтескьё

Википедия дан
Монтескье.

Шарл Луи Монтескье (1689—1755) — француз Агартуусунун философиясынын өкүлү. Ал гаскондук дворян тукумунан чыккан. Классикалык жана юридикалык билим алып, сот мекемелеринде ар түрдүү кызматтарда иштейт, бул ага ошол кездеги Франциянын юридикалык практикасын иликтеп-үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Андан кийин бул иштен четтеп кетет да, өзүн табият жана коомдук илимдерди иликтеп үйрөнүүгө арнайт.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lettres familieres a divers amis d'Italie, 1767.

Анын алгачкы адабий таржыйбасы — «Персиялык каттар» романы (1721) — зор ийгиликке ээ болот. Мында ал феодалдык- абсолюттук бийликти сынга алат. «Мыйзамдардын духу» (1747) деген эмгеги Монтескьенин башкы чыгармасы деп эсептелинет. Мындан башка да «Римдиктердин улуулугунун жана кулашынын себептери жөнүндө ой жүгүртүү» (1734) деген эмгекти жазган.

Социалдык философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн социалдык философиясында Монтескье коомдун ар түрдүү формаларынын жашап турушунун себептерин карап чыгат жана коомдун өнүгүшүнүн тигил же бул формасын түшүнүү үчүн ошол коомдогу аракет кылып турган мыйзамдарды түшүнүү керек деп эсептейт.

Монтескье коомдо аракет кылып турган мыйзамдардын эки тибин айырмалайт: 1) «табийгый» мыйзамдар, бул мыйзамдар адамдын биологиялык жана жаратылыш өзгөчөлүктөрү менен аныкталат жана анын жаратылышка жана башка адамдарга болгон мамилелерин, мындайча айтканда коомдон тышкаркы абалын билдирет; 2) социалдык мыйзамдар.

Башкаруунун үч түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Монтескье башкаруунун тарыхта жашап келген негизги үч түрүн: республикалык, монархиялык жана деспоттук түрүн бөлүп көрсөтөт. Мамлекеттин юридикалык нормалары мамлекеттин формалары менен аныкталат, ал эми мыйзамдар болсо — бул коомдун мүчөлөрү менен жогорку бийликтин ортосундагы мамилелерди аныктоочу юридикалык эрежелердин көрүнүшү болуп саналат. Бул мыйзамдар, Монтескьенин пикирине ылайык, ар кимге мыйзам тарабынан жол берилген нерселерди иштөөгө укук берүүчү саясый эркиндикти калыпка салып турат. Монтескьенин концепциясынын маңызы — башкаруунун белгилүү бир формалары үчүн, атап айтканда демократиялык, монархиялык жана деспоттук формалары үчүн мүнөздүү болгон мыйзамдар ар түрдүү факторлор: саясый бийликтин мүнөзү, жердин кыртышы, рельефи (башкача айтканда географиялык чөйрө), адеп-ахлак, адат-салт, диний ишеним, калктын саны сыяктуу факторлор менен шартталат дегенди билдирет.

Муну менен Монтескье коомду бир катар шарттар, факторлордун биримдигинен турган бир бүтүн нерсе катарында аңдап-түшүнүүгө аракет жасайт. Дал ушул бир бүтүндүк, Монтескьенин пикирине ылайык, «элдердин рухун» аныктайт. Башкаруунун ар бир формасы — өзүнчө бир структура, анын элементтери өз ара байланышып турат жана бир бүтүндүктүн жашап, аракет кылып турушу үчүн зарыл нерсе.

кумар-ышкылык тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир социалдык структурада Монтескье тигил же бул адамдык кумар ышкылыкты башкы нерсе деп эсептейт, ал кумар-ышкылык туруктуу абал сакталып тургандай аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Республика үчүн изгилик, монархия үчүн — ар-намыс, деспотия үчүн — коркунуч мүнөздүү. Эгерде тигил же бул «кумар-ышкылык» же психологиялык принцип начарласа, анда башкаруунун бул образы кыйрайт. Муну менен Монтескье башкаруунун образы менен элдердин психологиясынын ортосунда белгилүү бир байланыштын бар экендигин ачкан, бул байланыштын маанилүү негизи болгон. Монтескье бул байланышты климат, жер кыртышы жана рельефи башкы ролду ойногон географиялык чөйрөдөн алып келип чыгарган.

Монтескьенин окуусунун курамдык бөлүгү — «бийликти бөлүү» концепциясы, бул кандайдыр бир даражада Локктун идеяларын өнүктүргөндүк болгон. Монтескье мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийликтерин бөлүү башкаруунун ар кандай формасынын тушунда, монархиянын да, демократиянын да тушунда орун алууга тийиш. Ал мындай деп жазат: «мыйзамдарды чыгаруучу бийликти, жалпы мамлекеттик мүнөздөгү токтомдорду ишке ашыруучу бийликти жана жеке адамдардын кылмышкерлигин жана күнөөлөрүн соттоочу бийликти» бөлүү зарыл. Ушул бардык бийликтер бөлүнгөн мамлекеттик түзүлүш гана «адамды мыйзам милдеттендирбей турган нерсени иштөөгө жана ага мыйзам жол берген нерсени иштөөгө мажбурлабай турган» абалды камсыз кыла алат [Танд. чыгарм. М., 1955. 290-291-6.]. Монтескьенин бул концепциясы зор демократиялык мазмунга ээ болгон жана бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жогото элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]