Монументалдык искусство

Википедия дан

Монументалдык искусство – архитектуралык курулуштарды идеялык-көркөмдүк жагынан толуктап турган пластикалык өнөрдүн түрү. Монументалдык искусствона эстеликтер, монументтер, панно, фреско жана имараттардын живопистик, мозаикалык, о. эле скульптура жактан көркөмдөлүшү кирет. Кээде Монументалдык искусствонун чыгармаларын монументтикжасалга искусствосунун чыгармалары деп аташат, себеби алар бир эле учурда идеялык көркөм пропаганда үчүн жана ансамблдеги эстетикалык кооздукту күчөтүү максаттарында колдонулат. Монументалдык искусство чыгармалары музейлерде, турак жайларда, аянттарда, парктарда, чоң коомдук имараттардын алдында орнотулат, мисалы, Ватикан сарайындагы Рафаэлдин фрескалары же Микеланжелонун Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөрү. Монументалдык искусствона өзгөчө бир бүтүндүктү, ачыктыкты, образдык максаттуулукту, чоң масштабды, жөнөкөй жана күчтүү формаларды талап кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]