Монументтик живопись

Википедия дан

Монументтик живопись – чоң масштабдагы, архитектура менен байланышкан, бирок өз алдынча коомдук маанидеги көркөм мазмунга ээ болгон живопистик чыгармалар (көркөм сүрөт панносу, сүрөт, мозаика). М. ж. чыгармаларынын идеялары менен сюжеттери берилген архитектуралык комплекстин идеялык мазмуну менен милдетине толук айкалышып турат. М. ж. ансамблде жасалгалык ролду да аткарат, ошондуктан кээде аны монументтик жасалга живописи деп да аташат, бирок анын функциялары мындай ролго жооп бербейт, себеби анда сөз жасалга живописи жөнүндө болмок. М. ж-тин толук жарамдуулугунун негизги шарты болуп мазмундун идеялык маанилүүлүгү эсептелет; ошондуктан М. ж-ти ындыны өчкөн эклектикалык модерн стилинин негизинде кайра жандандырууну каалаган декаденттик аракеттер күн мурунтан эле ийгиликтен кол жуушмак. М. ж-тин өзгөчөлүгү көркөм формалардын өзгөчө курулушун – композициянын айкындыгы менен жыйнактуулугун, сүрөттүн тактыгы менен жалпылыгын, түстөрдүн көптүгүн, ракурстардын өзгөчө ойлоштурулушун жана ар кандай көз карашта, чоң аралыкта кабыл алууну талап кылат. Мына ушундай жалпы талаптардын алкагында көркөм чечимдердин өтө чоң ар түрдүүлүгү мүмкүн болот. М. ж-тин көрүнүктүү үлгүлөрүн византиялык жана байыркы орус көркөм искусствосу (М. ж-тин кеңири идеялык мүмкүнчүлүктөрүн чектеген чиркөө монополиясы менен байланышкан) берет. М. ж-тин чыныгы гүлдөп өнүгүшү Кайра жаралуу доорунда абдан байкалган (мисалы, Ватикандагы Рафаэлдин фрескалары, Сикстин капелласындагы Микеланджелонун сүрөттөрү, Веронезенин М. ж-и жана башкалар). Капиталисттик коомдун шартында, айрыкча XIX кылымдын экинчи жарымында М. ж-тин өнүгүүсү үчүн максималдуу мүмкүн-чүлүктөр түзүлгөн. Ал курулуп жаткан маданият үйлөрүн, клубдарды, театр, станцияларды курууда кеңири колдонула баштаган, к. Монументтик көркөм искусство макаласын. Монументүүлүк менен салыштыр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]