Моос шкаласы

Википедия дан

Моос шкаласы, минералдардын катуулук шкаласы – минералдардын салыштырмалуу катуулугун аныктоо үчүн кабыл алынган шкала. Немис окумуштуусу Ф. Моос 1811-жылы сунуш кылган. Ал катуулуктары ар түрдүү 10 минералдан турат: тальк – катуулугу 1ге барабар, гипс – 2, кальцит – 3, флюорит – 4, апатит – 5, ортоклаз – 6, кварц – 7, топаз – 8, корунд – 9, алмаз – 10. Эң жумшагы тальк, өтө катуусу алмаз. Минералдардын катуулуктарын аныктоо үчүн алар эталон минералдар менен чиймеленет. Жумшак болсо, чийилет, катуусу чийилбейт. Катуулугу бирдей болсо, бири-бирин чие албайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]