Моралдык ченем

Википедия дан

Моралдык ченем ― бир типтүү жорук-жосундарга карата пайдаланылган жалпы эрежелер менен тыюу салуулардын жардамы аркасында адамдардын жүрүм-турумун жөнгө салган адеп-ахлактын талаптардын формасы.

Укуктук ченемдерден айырмаланып, моралдык ченем мамлекеттик бийликтин негизинде эмес, каада-салт менен коомдук пикирдин күчү аркылуу санкцияланат; кимдир бирөө тарабынан атайы чыгарылган мыйзамдын натыйжасында эмес, коомдун адеп-ахлактык аң-сезиминде стихиялуу пайда болот. Өз алдынча турганда моралдык ченемдер адамдын жүрүм-турумун жетишээрлик түрдө жөнгө сала албайт; өзүнүн абстрактуу түрдөгү жалпы мүнөзүнө байланыштуу алар ар кандай өзгөчө жагдайлар менен шартталган ыктымалдуу чектен чыгууларды карай албайт. Ошол себептен тигил же, бул моралдык ченемдерди конкреттүү кырдаалдарга карата пайдалануу тууралуу маселе мазмуну боюнча кеңири жана ошол эле учурда конкреттүү болуп саналган адеп-ахлактык принциптердин негизинде чечилиши зарыл. Өзүнүн социалдык мазмуну боюнча моралдык ченемдер жалпы адамзаттык, тарыхый чектүү, таптык мүнөздө болушу мүмкүн.

Таптык мүнөздөгү моралдык ченем бир коомдук формациядан экинчисине өткөн учурда узак мезгилдер бою эскинин саркындысы катары сакталат, жаңы моралдык ченеидер түзүлгөнгө жана орногонго чейин акырындык менен талкаланат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8