Мордва тилдери

Википедия дан

Мордва тилдери – мордвалардын тилдери. Финн-угор тилдеринин финн-Волга тобуна кирет. Мүчөлөмө (агглютинацияланма) тилдер. Сингармонизм мүнөздүү. Мокша жана эрзя тилдеринен турат. Экөөнө тең таандык жазуусу 18-кылымдын ортосунда орус алфавитинин негизинде түзүлгөн. 17-кылымдан берки жазма эстелиги (латын графикасындагы) белгилүү. Адабий тилдери 20-кылымдын 30-жылдарынын орто ченинде калыптанган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]