Москвадагы живопись, зодчийлик жана скульпторлук орто окуу жайы –

Википедия дан

Москвадагы живопись, зодчийлик жана скульпторлук орто окуу жайы – ондогон жылдар ичинде Москванын көркөм турмушунун негизги борбору болуп эсептелген көрүнүктүү орус көркөм мектеби. Бул окуу жайда В. Г. Перов, А. К. Саврасов, И. М. Прянишников, В. Е. Маковский, И. И. Левитан, А. Е. Архипов, Н. А. Касаткин жана башка көптөгөн орус реалист-сүрөтчүлөрү жана улуу муундагы советтик сүрөтчү­лөрдүн бир катары (В. Н. Бакшеев, А. М. Герасимова, В. Б. Иогансон жана башкалар) окуп чыккан. 1832-жылы пайда болуп, окуу жайы биринчи Натура классы, андан соң Көркөм класс деп аталган, ал эми 1843-жылы Живопись жана скульпторлук окуу жайы деп кайра аталган. 1865-ж. архитектура бөлүмүнүн ачылышына байланыштуу, ал живопись, скульпторлук жана зодчийлик окуу жайы деп аталып калган. Петербургдагы көркөм академияга салыштырганда бул окуу жайы өзүнүн чоң демократизми жана педагогикалык принциптери боюнча сүрөтчү-көчүп жүрүү­чү­лөрдүн чыгармачыл багыттарына жакындыгы менен айырмаланган. Окуу жайдын эң гүлдөп өнүккөн мезгили XIX кылымдын 70-жылдарында В. Г. Перов жетектеген учур эсептелет. 80-жылдары окуу жайда В. Д. Поленов, ал эми 90-жылдардын аягынан баштап В. А. Серов сабак берген. Азыркы мезгилде Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм институту бул окуу жайдын жолун улантуучу болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]