Москва консерваториясы мамлекеттик П. И. Чайковский атындагы

Википедия дан

Москва консерваториясы мамлекеттик П. И. Чайковский атындагы – ири музыкалык жогорку окуу жайлардын бири, музыкалык билим берүүнүн илимий-методикалык борбору. 1866-жылы Н. Г. Рубинштейндин демилгеси менен Орус музыкалык коому уюштурган. Көрүнүктүү ишмерлер: П. И. Чайковский, С. И. Танеев (композиция жана музыка теориясы), В. И. Сафонов (фортепиано), Ф. Лауб (скрипка), Ф. Ф. Фитценгаген (виолончель), А. Д. Александрова-Кочетова (вокал) жана башкалар. сабак өтүшкөн. С. Рахманинов, А. Скрябин, Р. Глиэр, А. Хачатурян, Т. Хренников жана башкалар. ушул консерваториядан окушкан. М. к-нда теория-композитордук, фортепианолук, оркестрлик, вокалдык, билим өркүндөтүү (1972-жылдан), аскер-дирижёрлук (1960-жылдан) факультеттери, чет өлкөлүк студенттер, аспиранттар жана стажёрлор үчүн атайын тайпа бар. 30–50-жылдары Москва консерваториясында улуттук музыкалык студия (кыргыз, казак, башкырт, татар, түркмөн, өзбек жана башкалар) иштеген. Андан СССР эл артисти А. Малдыбаев, С. Кийизбаева, К. Сартбаева, Кыргыз ССР эл артисти Н. Давлесов, Э. Касымов, Э. Молдокулова, А. Тентимишов, Х. Мухтаров жана башкалар окуган. Москва консерваториясына 1940-жылы П. И. Чайковскийдин ысмы ыйгарылган. Эки Ленин ордени менен (1946, 1966) сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]