Москва тарых жана архив институту

Википедия дан

Москва мамлекеттик тарых жана архив институту (орус. кыск. МГИАИ) Китай-город районундагы Никольский көчөсүндө жайгашкан мурдагы "Басма короосунун" тарыхый имаратында орун алган. Анын негизинде 1991-жылы Орус мамлекеттик гуманитардык университети түзүлгөн.

Башаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Архив таануу институту ал учурдун чыгаан тарыхчысы М. Н. Покровскийдин өтүнүчү менен СССРдин БАК жана ЭККнын "ССР Союзунун Борбордук архив башкармалыгынын алдында Архив таануу институтун ачуу жана РСФСРдин Борбордук архив башкармалыгынын алдындагы Архив таануу кабинетин ССР Союзунун Архив башкармалыгынын карамагына өткөрүү" жөнүндөгү токтомунун негизинде 1930-жылы 30-сентябрда негизделген.

Москва жана Петербург археологиялык институттарынын колдоосу менен түзүлгөн. Сабактар СССРдин Борбордук архив башкармалыгынын имаратындагы дарсканаларда 1931-жылы 1-апрелде башталган (25 Октябрь к. 15-үй). Архив таануу институтунун директорлугуна 1931-жылдын 18-январында Р.К. Лицит дайындалган. Институттун аты 1932-жылы Тарых жана архив институту деп өзгөртүлгөн.

РГГУнун курамында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

МГИАИге иштегени келген МГУнун Николай Ерошкин жана Сигурд Шмидт сыяктуу бүтүрүүчүлөрү савет тарых илимине олуттуу таасир тийгизген илимий мектептерди негиздешкен. Профессуранын негизги уюткусу РГГУ түзүлүп, тарых жана архив институту анын курамына кошулганда да сабак берүүнү уланткан. 1992-1996-жж. институтту профессор, тарых илимдеринин доктору, институттун бүтүрүүчүсү Евгений Старостин жетектеген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]