Москов Николай Андрианович

Википедия дан

Москов Николай Андрианович (4. 12. 1897, Астрахань облусу, Икряненский району, Бахтемир айылы – 1981, Бишкек) – милициянын 2 рангадагы комиссары (генерал-лейтенант, 1960). СССР ИИМдин Могилёв Борбордук жогорку мектебин бүткөн (1933). 1919–22-жылы Украинада Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөшкөн. 1925–28-жылы Днепр облусунда аймактык милициянын начальниги, 1928–30-жылы Новомосковск шаарында милициянын райондук бөлүмүнүн начальниги, 1935– 37-жылы Днепр облусу милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1937–40-жылы Полтава облусу милиция башкармалыгынын начальниги, 1940–41-жылы Латвия ички иштер эл комиссарынын орун басары, 1941–49-жылы Воронеж облусу милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, начальниги, 1949– 54-жылы Кыргыз ССР Ички иштер министри, милиция башкармалыгынын начальниги-министрдин орун басары, 1954–60-жылы Кыргыз ССР ички иштер министри болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]