Мосолова Любовь Михайловна

Википедия дан

Мосолова Любовь Михайловна (16. 11. 1943-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Жууку капчыгайы) – искусство таануу илимдеринин доктору (1992). Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетиндеги искусство тарыхы бөлүмүн (1966), А. И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогика университетинин аспирантурасын бүтүрүп (1972), ошол эле жерде философия кафедрасынын ассистенти (1972), доценти (1976), 1982-жылдан эстетика жана искусство таануу кафедрасынын доценти, көркөм-графика факультетинин деканы (1979–85), улук илимий кызматкер (1985–87), 1988-жылдан кафедра башчысы. КРдин Көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1998), РФ Жогорку мектебинин эмгек сиңирген кызматкери (2004). Россия гуманитардык ИАнын анык мүчөсү (1996) жана Эл аралык чыгармачылык академиясынын корр. мүчөсү (2008). 200дөн ашык илимий, окуу-методикалык эмгектин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Эмгектери: Изобразительное искусство Кыргызстана. Ф., 1987; История искусства Кыргызстана с древнейших времён до ХХ века. Б., 2010.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]