Мотоцикл спорту

Википедия дан

Мотоцикл спортуспорттун бир түрү. Ага мотоцикл менен ылдам жарышуу, мотоциклди көркөмдөп айдоо жана мотоцикл менен топ ойноо (мотобол) кирет. Мотоцикл айдоого үйрөтүү жана спортсмендерди даярдоо ДОСААФтын автомото клубдарында жүргүзүлөт.

Спидвей

Таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мотокросс

Мотоцикл айдоодо нерв жана булчуңдар чыңалат, дене солкулдоого, дирилдөөлөргө дуушар болот. Мотоцикл спорту менен машыккан спортсмендин ден соолугу чың, техникалык, психологиялык жактан жакшы даярдыктарга ээ болуулары тийиш. Аны менен машыгуу кыймылдардын ыкчамдыгын, координациясын жакшыртат жана кайраттуулук, чечкиндүүлүк, түзүлгөн шартты тез баамдоо сапаттарын өөрчүтөт.

Дрэг-рейсинг

Организмдин дем алуу, жүрөк-кан тамыр, сөөк-булчуң системасын өнүктүрөт. Мотоцикл айдоого психикалык жактан жана ден соолугу чың, мотоцикл айдоого укугу бар, медициналык мекемелерде врачтын күбөлөндүрүүсүнөн өткөн, 16 жашка толгон уландарга жана кыздарга уруксат берилет. Алар врачтык-физкультуралык диспансерден такай медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Психикасы туруксуз, жүүнү бош, травма алган же борбордук нерв системасынын оорулары менен жабыркаган адамдарга мотоцикл спортуна катышууга болбойт.

Суперкросс

Кырсыктарды алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мотоцикл айдоодо ар кандай кырсыктар болушу мүмкүн. Аны алдын алууда мотоцикл айдоочунун башына атайын баш кийим (шлем) кийүүсү, бутуна коргоочу калкан тагынышы, ошондой эле өзүн өзү сактай билүү ыкмаларын үйрөнүү зарыл.

Супермото
Эндуро

Мотоцикл спортунун келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мотоспорт мотоцикл жазалгандан пайда болгон деп эсептелинет. Эң биринчи 1885-жылы Готтлиб Даймлер жазаган. 1887-жылы «Де Дион-Бутон» франциялык фирмасы трициклдардын чыгааруусун баштаган. Бирок биринчи мотоциклдерди коом ишенич менен кабыл алган эмес. Мотоцикл чыгаруучулар артыкчылыгын "механикалык жеңил араба" мелдешин оор шарттарда өткөрүү менен алектенишкен. 1894-1903 жылдары мотоциклде жарышууну уюштуруунун максаты мотоцикл ыңгайлуу транспорт экенин далилдөө болчу.

Эндурокросс

Биринчи мотоцикл жарыштарын уюштурган Франциянын (Automobile Club de France) Автомобилдик клубу эсептелет.Ошого байланыштуу Франция көп жылдар бою мотоциклдик спорттун борбру болуп келген. Париж баштапкы чекити болуп келет. 1904-жылы 8-июлда Эл аралык мотоциклдик клубдар федерациясы түзүлгөн.

Мотоциклдик дисциплиналар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тректик дисциплиналар (спидвей) Тректик дисциплиналар- эллипс формалуу тректе, атайын гарейлик, муздуу, топурак же чөп жабуусу бар жарыш жолдордо өткөрүлүүчү жарыштар. Мындай жолдордун эки түз участогу жана эки туруктуу радиусу менен сол бурулушу бар. Дүйнөдө мындай түрлөрү да тараган:

  • классикалык спидвей
  • узун тректкги жарыштар (гросспидвей)
  • муз жол менен жарышуу.

Мотокросстук дисциплиналар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мотокросс
  • Суперкросс

Мотокросстук дисциплиналар — кесилишкен жерде же табигый тоскоолдуктары бар түнт жолдо өткөрүлүүчү жарыштар.Алар бөлүнөт:

  • классикалык мотокросс — жолдун узундугу 1,5 кмден кем болбошу керек жана 3 кмдан ашпашы керек, орточо ылдамдыгы саатына 50 кмден ашпашы керек
  • стадион-кросс, же суперкросс — ачык асман алдында же кросстук жолу бар залда өткөрүлүүчү жарыш. Жолу табигый материалдар менен жабылган жана узундугу ачык залдарда 300 метрден жабык залдарда 400 метрден кем болбошу керек.

Супермото[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Супермото — асфальтталган мотокростун элементтери бар жолдо атайын мотоциклдерде болуучу жарыштар (70 % — асфальтжабуу, 30 % — топурак жол). Дистанциянын узундугу — 500-2000 м.

Эндуро[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эндуро — ар кандай жабуусу бар жолдордо, берилген кыймыл графигин сактоо жана кошумча жарыштарды шарттары аткаруу менен өтүүчү жарыштар. Эндуронун түрлөрү:

  • экстремалдык эндуро,
  • бахи
  • мотоциклдеги ралли-рейддер.

Эндуро-кросс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эндуро-кросс — суперкросстун, триал жана эндуронун гибриди.

Мотобол[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мотобол — эки кагылышып аткан командалардын мотоциклдердеги оюну, бири-биринин дарбазаларына топ кирүүгө умтулушат. Команда 6 кишиден турат: үч сүрдүктүрүүчүлөр, коргоочу жана запастагы. Дарбаза коргоочу оюнчудан башкасы мотоциклчен. Оюндун узактыгы 80 мүнөт, 20 мүнөттөн 4кө бөлүнгөн.

Мотобол
Ачык абадагы триал
Мотофристайл
Стантрайдинг

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8