Мохаве

Википедия дан
Мохаве.

МохавеАКШнын түштүк-батышындагы чөл; Чоң Бассейндин бир бөлүгү. Калифорния штатынын түштүгүндө (Ажал өрөөнү менен кошо). Кырдуу кырка тоолору (Бийиктиги 3366 мдей) кумдуу жайык өрөөндөр менен кезектешип жатат. Климаты кескин континенттик, жайы ысык. Жылдык жаанчачыны 45–150 мм, кээде жыл бою жамгыр жаабайт. Түндүк Америка материгинин эң кургакчыл жери. Туздуу чакан көлдөрү бар. Креозот бадалдары, суккуленттер (юкка, кактус) өсөт. Түштүк бөлүгүндөгү Жошуа-Три коругунда чөл өсүмдүктөрү жана фаунасы корголот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]