Мох Григорий Иванович

Википедия дан

Мох Григорий Иванович (8.03.1909, Ысык-Көл облусу, Түп району, Түп айылы – 1989, ошол эле жер) – дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1947-жылдан Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун талаачылык боюнча бригадасын жетектеген. Ал башкарган бригада 1950-жылы 131 га жердеги буудайдын ар гектарынан 30 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]