Мочалов Павел Степанович

Википедия дан

Мочалов Павел Степанович [3 (15). 11. 1800, Москва – 16. (28). 3. 1848, ошол жер] – орус актёру, орус романтизминин көрүнүктүү өкүлү. Актёрдун үй-бүлөсүнөн. 1817-жылдан Москва театрында (азыркы Кичи театр) иштеген. Социалдык теңсиздикке каршы күрөшкөн көптөгөн каармандардын образын түзгөн: Гамлет, Отелло, Король Лир (Шекспир, «Гамлет», «Отелло», «Король Лир»), Чацкий (А. Грибоедов, «Акыл азабы»), Фердинанд жана Карл Моор (Ф. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү», «Каракчы») жана башкалар. ролдорду аткарып, кейипкердин ички дүйнөсүн чебердик менен ачып бергенетикалыкАнын талантын Н. В. Гоголь, М. Ю. Лермонтов, И. С. Тургенев, А. Н. Островский жогору баалашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]