Мстислав Келдыш

Википедия дан

Келдыш Мстислав Всеволодович (28. 1 (10. 2). 1911, Рига – 24. 6. 1978, Москва) – орус математиги жана механиги, СССР Илимдер академиясынын академиги (1946; корреспондент мүчө, 1943), СССР Илимдер академиясынын Президиумунун мүчөсү (1953), вице-президенти (1960–1961), президенти (1961–75). Москва университетин бүтүргөн (1931). Н. Е. Жуковский атындагы Борбордук аэрогидродинамика институтунда (1931– 46), Москва университетинде (профессор 1937), СССР Илимдер академиясынын В. А. Стеклов атындагы Математика институтунда (1936-жылдан), Реактивдик ИИИде начальник, илимий жетекчи (1946–61), 1953-жылдан СССР Илимдер академиясынын Колдонмо математика институтунда директор болуп (өмүрүнүн акырына чейин) иштеген. Келдыш математика (комплекстүү өзгөрүлмөлүү функция, функциялык анализ теориялары жана башка), аэрогидродинамика, термелүү теориясы боюнча фундаменталдуу эмгектерди жараткан. Авиациянын, атомдук, эсептөө техникасынын жана машиналык математиканын чечилбеген маселелерин изилдөөгө салым кошкон. Адамды космоско учуруу, космос программасын жетектеген. Үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956, 1961, 1971). СССР мамлекеттик сыйлыктын (1941, 1946). Лениндик сыйлыктын (1957) лауреаты. Жети Ленин ордени, башка 3 орден жана медалдар, чет элдик 4 орден менен сыйланган. Сөөгү Кызыл аянтта Кремль дубалына коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]