Муаммар Каддафи

Википедия дан

Каддафи, Муаммар бен Мохаммед Абдель Салям бен Хамид Абу Меньяр аль-Каддафи - (7. 06. 1942, Италиялык Ливия, Мисрата муниципалитети, Сирт шаары – 20. 10. 2011, Ливия, Сирт шаары) – Ливиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. Ливиянын «революциячыл жетекчилигинин» башчысы. «Эркин офицерлер» уюмун түзүүчүлөрдүн бири. Полковник. Ливия университетинин тарых факультетин (1963), Ливиядагы аскер окуу жайын (1965), Улуу Британиядагы Боунингтон-Хис аскер окуу жайынын даярдоо курсун (1966) бүткөн. 1969-77-ж. Революциялык командачылык кеңешинин төрагасы, 1970-жылдан Ливия Араб Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы жана Улуттук коргоо Кеңешинин төрагасы, 1970-72-жылдары премьер-министр, 1972-74-жылдары Араб социалисттик уюмунун төрагасы, 1977-жылдан Жалпы элдик конгресстин генералдык секретары. 1969-ж. 1-сентябрда ливиялык армиянын жаш офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, королдук бийликти кулатып, Ливия Араб Республикасы жарыяланган. Бийлик М. Каддафи башында турган Революциялык командачылык кеңешке өткөн. 1970-ж. Ливия аймагындагы британдык жана америкалык согуштук базаларды жойгон. Египет президенти Г. А. Насер менен жакшы мамиледе болгон. 1971-ж. Египет, Сирия жана Тунис менен бирдикте Араб Республикалар Федерациясын түзгөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун иш чараларына көмөк көрсөткөн. 1973-ж. Ливиядагы чет элдик мунай компаниялары менен банктарды мамлекеттештирген. 1974-ж. «исламдык социализм» программасын жарыялап, өлкөдө араб социалисттик уюмуна гана жол берип, башка партияларга тыюу салган. 1980-жылдары Ливияда экономикалык, административдик реформаларды жүргүзүп, согуш чыгымдарын кыскартууга аракеттенген. Батыш өлкөлөрү, АКШ М. Кадаффини террористтерди жана террорчул уюмдарды колдойт деп таап, Ливияга каршы экономикалык ж. б. санкцияларды колдонгон. 2004-ж. бул экономикалык санкциялардын көбү алынган. 2008-ж. август айында 200дөн ашык африкалык шейх, эмир, султан жана уруу башчылары тарабынан М. Каддафи «Африка королдорунун королу» болуп жарыяланып, 2009-ж. февралда Африка союзунун төрагалыгына шайланган. 2010–11-ж. араб өлкөлөрүндө бийликтегилерге каршы демострация, протесттер күч алып, Ливияда Ливиянын Улуттук убактылуу кеңеши түзүлгөн жана өлкөдө граждандык согуш башталган. 2011-ж. 27-июнда Эл аралык кылмыш соту М. Каддафини камакка алууга уруксат берген. Сирт шаарын алуудагы согушта жарадар болуп, колго түшүп, өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]