Мубарак Хосни Сейид

Википедия дан

Мубарак Хосни Сейид [4. 5. 1928-жылы туулган, Минуфия губерниясы, Шибин ал-Кум округу (марказы), Кафр аль-Мусайлаха кыштагы] – аскер жана саясий ишмер, армиянын генерал-лейтенанты (1974). Египеттин 4-президенти (1981–2011). 1949-жылы Каирдеги Аскер академиясын (1949), Аскер-аба академиясын (1951), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясынын штабдык окутуу курсун (1965) бүткөн. 1952–59-жылы Каирдеги Аскер-аба академиясында окутуучу болуп иштеген. 1959-жылы Кыргызстанга келип, Токмок шаарындагы учкуч аскердик окуу жайында стажировкада болгон. 1960–65-жылы авиац. полктун, 1965–69-жылы авиабазанын командачысы, 1969–72-жылы Египет ААКтын штабынын начальниги, 1973–75-жылы авиациянын башкы маршалы, 1975–81-жылы Египеттин вице-президенти, 1981-жылы Египеттин президенттигине шайланган. Улуттук-демократиялык партиянын вице-төрагасы (1978). Улуттук-демократиялык партиянын генералдык секретары (1981–82), 1982-жылдан төрагасы. 1991-жылы Перс булуңундагы согушта АКШны колдоп, Иракка каршы 40 миң кишиден турган аскер контингентин жиберген, бирок 2003-жылы аскер жиберүүдөн баш тарткан. Мубарактын мезгилинде инфраструктура өнүктүрүлө баштаган. 1987-жылы Африка аймагы боюнча биринчи метро Каирде ачылган. Ошондой эле Мубарак коррупция жана жумушсуздук менен күрөшүп, Египеттин экономикасын жогорулатуу үчүн аракеттерди жасаган. 2011-жылы элдик көтөрүлүштүн негизинде бийликтен кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]