Мугам

Википедия дан

Мугам (азерб. мугам) -

  • 1. Азербайжан музыкасынын ладдарынын жалпы аталышы. Алар обондук түзүлүшү, добуш катары боюнча бири биринен айырмаланышат. Ал рост, шур, сегях ж. б. деп да аталат.
  • 2. Азербайжандардын элдик жана оозеки салттагы адистик музыкасынын негизги

жанры. Мугамдын негизги бөлүгү шобэ. Ал вокалдык-аспаптык же жалаң гана аспаптык ансамбль тарабынан толук же бөлүнүп-бөлүнүп аткарылат. Мугам драматургиясы адатта ранг (бий) жана тасниф (ыр) бөлүктөрүнүн кезектенүүсүнө таянат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.