Мугкана

Википедия дан

Мугкана – 1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (биздин заманга чейинки 2-кылым – биздин замандын 6–7-кылым). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер менен бирге коюлган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5– 5 м, эшигинин туурасы 70 см. Мугкананын диаметри 4–15 м, уз. 3–9 м, туурасы 2–6 м, Бийиктиги 2,4– 3,5 мге чейин жетет. Фергана өрөөнүнүн түндүгүндө, негизинен Ала-Бука жана Аксы аймактарында, Наманган облусунун Кара-Мазар тоосу менен Курама тоо кырларында (Гава-Сай, Көк-Серек, Сумсар жана Касан капчыгайларында, Кызыл-Жар, Орто-Суу өрөөнүндө) кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык мугкана казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер менен байланыштырышат. Профессор Г. А. Пугаченкова менены казак, кыргыз күмбөздөрүнүн алгачкы түрү деп болжолдойт. Ала-Бука районундагы мугканаларды 1951-жылы археолог А. К. Кибиров, 1955жана 1974-жылы археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.Терек-Сай шаарчасына жакын, Орто-Токой кышаарында Касан-Сай суусунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө-мүрзөлөрүнөн да мугканалар табылган. Түндүк-Чыгыштагы эң четки мугканалар тобу Пачата (Аксы) суусунун жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган мугканалар биздин замандын 1-кылымына таандык. Мындай таш мүрзөлөр кыргыздарда корум же корумдап (сөөк, өлүк) коюу деп аталат. Ферганалык тажиктер «корумб» – «үйүлгөн таш» деп аташкан. 19-кылымда ферганалык өзбектер «курум» же «гурум» дешкен. Аталган корум-мүрзөлөрдүн атайын жасалган эшиги болгон. Корум-мүрзөлөрдү жергиликтүү калк мугдардын (эл) үйү же мугдардан калган калдык деп эсептешип, тажиктер көбүнчө «ханам-муг» дешсе, өзбектер «муг-хана», ал эми кыргыздар «мык» (мыктын үйү) деп аташкан. Чоң Алайда, Тажикстандын Жерге-Тал районунда «муг» сөзү менен байланышкан кыргызча «Кара-Мык» топоними кездешет. Уламыштарда Фергана мугдары күчтүү жана мээнеткеч кишилер катары даңазаланышкан. Илимде «муг» аталышы авесталык «могу», байыркы персче «магу», согдалык «мог» – «отпарас» деген түшүнүктөн келип чыккан деп эсептелинет. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөр далилдегендей Чыгыш Ферганада Чуст доорунда зардалчылыктын (зороастризмотпарастык дининин) жерг. варианты пайда болуп, ал ислам дининин таралышынын алдында гүлдөп өнүккөн. Демек, муг тургундары ислам дини таралганга чейинки отпарастык ишенимде турушкан жергиликтүү калкты түшүндүргөн. Аксы районунун борбору азыркы Кербен шаарынын 7-кылымда жашаган легендарлуу башкаруучусу Керван-Баш да муг элинен чыккан делинет. Демек, мугдар отпарастык ишенимде туруп, мусулман динине кирбей, арабдарга көпкө чейин каршылык кылышкан ферганалык жергиликтүү тургундар болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]