Муздак аба массасы

Википедия дан

Муздак аба массасы – абанын температурасы ага чектешип турган фронт аркылуу башка аба массасынан кыйла төмөн болгон аба агымы. Жылуураак чөйрөнү (көбүнчө төмөнкү кеңдиктерди) карай оошуп, суук аба ырайын пайда кылат. Оошуп келген муздак аба массасы салыштырмалуу жылуу кыртыштын үстүндө орун алгандыктан, анын асты жылып, түрмөктөлгөн-жаанчыл булуттарды пайда кылат да, нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]