Музыкалык драматургия

Википедия дан

Музыкалык драматургия - драмалык чыгарманын мазмунун, оюн, идеясын, эстетикасын музыкалык сахналык чыгармаларда (опера, балет, оперетта) чагылдыруунун ыкмалары, каражаттары.

Музыкалык драматургия негизинде драмалык чыгармага мүнөздүү закон-ченемдүүлүк жатат (мис., экспозиция, жалгаштыруу, өнүктүрүү, кульминация, жыйынтыктоо ж. б.). Бул жалпы мыйзам ченемдүүлүктөр Музыкалык драматургияда көркөм өнөрдүн ар биринде өз алдынча чагылдырылат жана ишке ашырылат. Аны чагылдыруунун формалары, ыкмалары, каражаттары дайыма өзгөрүлүп, өнүгүп-өсүп олтурат. Oпepa аспаптык музыкага мүнөздүү Музыкалык драматургия ыкмалары менен байыса, өз кезегинде оркестр да опера өнөрүнө мүнөздүү каражаттарды пайдаланган. Ушуга байланыштуу симфониялык драматургия, сонаталык драматургия ж. б. түшүнүктөр колдонулат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.