Музыкалык стиль

Википедия дан

Музыкалык стиль – эстетика жана музыка таануу илиминдеги музыка өнөрүнүн көркөм каражаттарынын өзгөчөлүгүн аныктоочу түшүнүк.

Музыкалык эстетикада стиль түшүнүгү 16-кылымдан тартып колдонула баштаган. 16-17-кылымдарда Музыкалык стиль жанрдык жана улуттук өзгөчөлүктү мүнөздөсө, 18-кылымдан Музыкалык стиль тарыхый мезгилди мүнөздөгөн кеңири мааниде колдонула баштаган. Музыкалык стиль түшүнүгү өзүнө эстетикалык жана тарыхый жагдайды камтыйт. Эстетикалык жагдайда Музыкалык стиль көбүнчө баа берүү, баалоочу (мис., жаңылануу жана салтты сактоо, алардын катышын айкалыштырууда композитордун чеберчилигин баалоо ж. б.) мүнөздө колдонулат. Тарыхый жагдайда Музыкалык стиль мезгилдин өзгөчөлүгүн чагылдырган каражат катары каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.