Музыкалык форма

Википедия дан

Музыкалык форма – кең мааниде музыкалык чыгарманын идеялык-эмоциялык мазмунун туюндурган музыкалык маанилүү ыкмалардын (обон, ыргак, темп, гармония жана башкалар) жыйындысы. Музыкалык чыгарманын көркөмдүгү анын мазмуну менен формасынын биримдигине байланыштуу. Тар мааниде – Музыкалык форма музыкалык чыгарманын композициялык планы, анын түзүлүшү. Музыкалык форма ар кандай чыгармада ар түрдүү болгондугуна карабастан, тарыхый калыптанган туруктуу жалпылык, мисалы, сонаталык, вариациялык, рондо, фуга, полифониялык дагы ушул сыяктуу, ошондой эле циклдик формалар (соната, сюита, прелюдия, фантазия) илим; искусство таануунун бир тармагы. Музыка таануу тармактарына музыка теориясы, музыка тарыхы, музыкалык этнография, музыкалык аспапты изилдөө илими, музыкалык акустика, музыкалык психология жана музыкалык сын кирет. 20-кылымдын 60–70-жылдарында музыканын коомдогу абалынын конкреттүү формасын изилдөөчү музыкалык социология илими өзгөчө тармак болуп бөлүнүп чыккан. Теориялык музыка таануу турмуштук чындыкты музыкада чагылдыруунун ыкмаларын, музыканын негизги мыйзам ченемдерин, жалпы эле музыкалык өнөрдүн өзгөчөлүктөрүн изилдейт. Музыка таанууга музыкалык аткаруучулуктун принциптерин (жеке жана хор менен ырдоо, дирижёрлук өнөр, ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойноо) жана музыкалык үндүн (сольфеджио) өнүгүшүн иштеп чыгуучу илимий-методикалык дисциплиналар кирет. Тарыхый музыка таануу музыкалык маданияттын коомдун өзгөрүү шарттарына карай өнүгүшүнүн бүтүндөй бир көрүнүшүн кайра түзүү максатын көздөйт. Тарыхый музыка таануу музыканын жалпы тарыхы менен катар жеке элдин музыкалык тарыхын, музыкадагы жанр менен форма (мисалы, опера, симфония, соната), аткаруучулук өнөр түрлөрүнүн (пианизм, скрипкалык өнөр жана башкалар) тарыхын да камтыйт. Эл музыкасын (музыкалык фольклорду) изилдөө музыка тарыхынын негизги бөлүгү болсо, ал эми анын өзгөчөлүктөрүн изилдөө менен музыкалык этнография илими келип чыккан. Музыкалык маданиятта олуттуy роль музыкалык сынга таандык. Ал учурдагы жана өткөн замандагы музыкалык байлыктарды талдап баалайт. Музыкадагы илимий көз караштын алгачкы элементтери байыркы доордогу мад-ты жогору өнүккөн Кытай, Индия, Грекия жана башкалар. өлкөлөрдө пайда болгон. Гректин көрүнүктүү музыкалык теоретиги Аристоксендин (Аристотелдин шакирти, биздин заманга чейинки 4-кылым) музыкалык кубулуштарды талдаган эмгектери бар. Музыка таанууга Орто Азия илимпоздору [Абу Наср аль-Фараби (10-кылым), Ибн Сина (10–11-кылым)], араб, фарсы, византия теоретиктери зор үлүш кошкон. 18-кылымда Ж. Мартини (Италия), Ж. Хокинс менен Ч. Берни (Улуу Британия), 19-кылымда Г. Берлиоз, Р. Шуман, Р. Вагнер, Ф. Листтин музыкага арналган сын эмгектери жарык көргөн. Компизоторлор М. И. Глинка, А. С. Даргомыжский, М. А. Балакирев, М. П. Мусоргский, А. П. Бородин, П. И. Чайковский жана башкалар. эстетика тууралуу маанилүү пикирлерди айтышкан. 20-кылымдын башында музыкалык фольклористика өнүккөн. А. Д. Кастальский менен Е. В. Гиппиус орустун, Д. И. Аракишвили грузиндин, В. А. Успенский өзбек менен түркмөндүн, Г. Б. Ерзакович, А. Жубанов казактын, А. В. Затаевич менен С. Виноградов, Б. Алагушов кыргыздын фольклорун жыйнап изилдегенетикалыкАзыркы кезде улуттук музыкалык өнөрдү изилдөө искусство бар. Циклдик форма ар түрдүү музыкалык формада жазылат (көлөмдүү, полифониялык). Сонаталык форма сонатада, симфонияда, квартетте, концертте болот. Көлөмдүү вокалдык-симфония (оратория, кантата, месса) жана музыкалык-сахналык чыгармалар (опера, балет) бир нече бөлүмдөн турат. Алардын ар бири (увертюра, ария, ансамблдер) белгилүү музыкалык формада жазылат (мисалы, ария рондо формасында).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]