Музыкалык ылдамдык

Википедия дан

Музыкалык ылдамдык (лат. tempus - убакыт) - музыкадагы аткарылыш ылдамдыктын көрсөткүчү.

Музыкалык ылдамдык Музыкалык чыгармадагы өлчөм үлүштөрдүн саны менен шартталат. Музыкалык ылдамдыктын азыркы учурдагы мааниси 16-17-кылымдарда пайда болгон. Музыкалык ылдамдык чыгармаларды аткаруунун бүгүнкү күндөгү орточо көрсөткүчү катары сүрөткерге чоң мүмкүнчүлүктөр ачып берет.

Алар ылдам (vivo, vivace, allegro), орто (moderato) жана жай (largo, lento, andante) болуп бөлүнөт. Мындан тышкары алар ылдамданууну (accelerando), жайлатууну (ritardando) белгилеген көрсөткүчтөргө да ээ. Метрономду ойлоп табуу (1816-ж.) Музыкалык ылдамдыкты дагы да так жана таамай аныктоого мүмкүнчүлүк ачты, Музыкалык ылдамдыктын көптөгөн көрсөткүчтөрү Италияда иштелип чыгып, такталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.