Музыкалык эске тутуу

Википедия дан

Музыкалык эске тутуу - (память) музыкалык материалды таануу, билүү, өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү. Башкача айтканда музыкалык чыгарманын айрым эң жөнөкөй жана татаал интонацияларын, обонун, гармоникалык жүрүштөрүн, ыргактык сүрөттөмөлөрүн ж. б. өз калыбында же өзгөртүлгөн абалда кайталай алуу дегендик. Эгерде, бул кайталанылуучу музыкалык чыгарманын элементтери угуучуларга таанылбаса, анда ал угарман үчүн ойго сыйбаган түшүнүксүз, ыргаксыз үндөр катары болуп кабылданат. Ошондуктан, музыканы таануу музыкалык ой-мүдөөнү кабыл алуунун эң керектүү шарты. Музыкалык таануунун керектүү шарты катары, музыкалык эске тутуунун жетишээрлик деңгээлде өнүгүүсү жана сезимдеги негизги эки компоненттериндеги эске тутуу сезимдерин колдонуу жөндөмдүүлүгү эсептелет. Ал музыкалык таанууда эң маанилүү биринчи компонент, ал эми музыканы өздөштүрүүдө - экинчи компонент катары эсептелет.

Музыка таанууда угуу жана эске тутуу орчундуу мааниге ээ. Музыка таануу үчүн эмоциялык эске тутуунун да зор мааниси бар. Музыканы өздөштүрүүдө кыймылдуу эске тутуу (берилген чыгарманы аткаруу үчүн керектүү кыймыл-аракеттердин түзүлүшүн эске сактоо), көрүп эске тутуу (ноталык тексти эске сактоо), ой жүгүртүү, сүйлөө аркылуу эске тутуу (музыкалык материалдык түзүлүшүнүн ой-мүдөөсү) маанилүү. Музыкага окутууда (өзгөчө музыкалык аспаптарда ойноодо), жогоруда айтылган эске тутуунун түрлөрү борбордук музыка таануу компонентин - угуу менен эске тутуу көз жаздымга калтырбай, анын көмөктөшүү роль ойноосуна умтулуу керек.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004