Музыка катары

Википедия дан

Музыка катары

  • 1. Музыкалык маданияттын улуттук жана тарыхый өзгөчөлүгү менен шартталган добуш бийиктиктеринин катыш системасы. Музыка катары түрлөрүнүн жаралышы музыкалык Ой жүгүртүүнүн өзгөрүшү менен байланышкан. Жалгыз үндүү музыка маданиятынын өнүгүшү Пифагордун Музыка катары өкүм сүрүшүнө алып келсе, көп үндүү музыканын калыптанышы таза Музыка катарынын биринчи орунга чыгышын шарттаган. Музыка көркөм өнөрүнүн андан аркы өнүгүшү бир кылка тегизделген Музыка катарын пайда кылган.
  • 2. Эталон болгон ля (а) добушунун бийиктиги.
  • 3. Музыкалык аспаптардын күүлөнүү түрү, түзүлүш өзгөчөлүгү.
  • 4. Таза ырдоонун хор менен жеке ырчынын ортосундагы айкалышуусу.
  • 5. Кээде тоналдуулук деген түшүнүк маанисинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.