Мукабалоо процесси

Википедия дан

Мукабалоо процесси - китептерди мукабалоо жумуштарынын комплекси.

Мукабалоо процесси негизги үч операциядан — китеп блогун камдоодон, китеп­тин тышын даярдоодон жана ага блокту бириктирүүдөн турат. Китеп бло­гун камдоодо китептин басма табактары бириктирилип тигилет да, түбүнө корешок (китеп түп) жабыштырылып, пресс менен ныкталат, андан соц блоктун үч тарабы кесилет, коре­шогу жумурулап ийилет, корешокко кооздук жана бекемдик үчүн каптал жана кагаз чапталат. Бул операциялар желимдөөчү станокто, ныктагыч пресете, кескич магаинада, блок иштеткич агрегатта жана кургаткыч установкада иштелет. Китептин мукабасы өзүнчө даярдалып (Мукаба), сырткы бетине керектүү текст же сүрөт басылат.

Бул үчүн сыр же түстүү фольга коло же стереотип штампынан ысык түрдө паар түшүргүч пресси алынат. Даярдалгап китеп бло­гу мукабанын ичине салынып, пневматикалык же механикалык прессте ныкталат да, китеп корешогуна анын ачылышып жеңилдетүүчү жик салынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.