Мукам

Википедия дан

Мукам - Орто жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө кеңири тараган оозеки салттагы адистик музыка -такат, тугат, макотдук аймактык аталышы.

1. Мукам уйгур музыкалык маданиятында кезигет. Мукам башка аймактык түрлөрү сыяктуу эле көп бөлүмдөн турган вокалдык-аспаптык бий композициясы. Мукам бүгүнкү күндө экиге - кашгар Мукам жана долан Мукам болуп бөлүнөт. Мукам катарына 12 чыгарма кирет, алар: рак, чаббыят, мушаврак, чаригох, панджигах, узхал, аджам, ушак, баят, нова, сигах, ирак. Мукам ырчылар, аспаптык ансамбль жана бийчилер тарабынан аткарылат.

2. Түркмөндердүн оозеки салттагы адистик музыкасында дутарчылар тарабынан аткарылуучу аспаптык күү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.