Мукашев, Бейшенбек

Википедия дан

Мукашев, Бейшенбек (1940-т.ж., Ысык-Көл облусу, Ак-Суу р-ну, Бозучук кыштагы) – геолог. Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1963). Түркмөн ССРнин Геол. башкармалыгынын партияларында техник-геолог, партиянын начальниги (1963–68), Сарыжаз геол. экспедициясында тоо мастери, тоо иштеринин прорабы, геолог, профсоюздук комитетинин төрагасы, партиянын начальниги, экспедициянын начальнигинин орун басары (1968–76), Түндүк Кыргызстан геол. экспедициясынын Курутегерек геол. чалтындоо партиясынын начальниги (1976–77), Кыргыз ССРнин мамлекеттик тоо-техникалык көзөмөлдөө инспекциясынын участкалык инспектору (1977–79), Үчкошкон геол. ж-а Ысык-Көл комплекстүү геол. экспедицияларынын начальниги (1979–96). Кыргыз Республикасынын геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1992).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]