Мукрани көтөрүлүшү

Википедия дан

Мукрани көтөрүлүшү (187172) - Алжирдеги араб жанa кабил урууларынын Франциянын колон, үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүшү.

Француз колон, бийликтин зомбулугунан (жерг. элдин жерлерин тартып алып, адамдарын француз армиясына солдатка жөнөтүшунөн) 1871-ж. Мержана округунда феодал башкаруучу Си аль-Хаж Мухаммед Мукранинин башчылыгы менен негизинен дыйкандар жана көчмөндөр көтөрүлгөн.

Алар Алжирдин чыгыш бөлүгүн дээрлик бошотууга жетишсе да, күчүнүн чачкындылыгынан жанa колониячыларга Франциядан жадам келгендиктен 1872-ж. биротоло талкаланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.