Муктаров Мааданбек
Муктаров Мааданбек (1918-ж. т., Акчий-Карасуу айылы) - эмгек ардагери. Атамекендик согуштун катышуучусу.
- 1939-жылга чейин Ленин атындагы колхоздо иштеген.
- 1936-46-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Атамекендик согушка катышкан. Согуштан кайтып келген соң, кайрадан колхоздо тракторист болуп иштеген.
- 1956-жылдан Фрунзе-Ош жолун курууда, «Түштүксуукурулуш» бирикмесинде бульдозерчи болуп иштеген.
- 1-, 2-даражадагы Атамекендик согуш, Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5