Мулла Садра

Википедия дан

Мулла Садра مُلاصَدرا[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Философиянын атасы жана улуу ойчул Мулла Садра башкача айтканда Садр ад Дин Мухаммад Кавами Ширази иран жылнамасы менен 979-980-жылдары Фарс шаарында Ирандын түштүк провинцияларынын биринде жарык дүйнѳгѳ келген. Атасы Хаджа Ибрахим ибн Йахйа Кавами жергиликтүү абийирдүү тукумдан болуп, бир канча убакыт провинциалдык өкмөттүн министири болуп иштеген. Садр ад Дин анын көп жылдар бою күтүп жүргөн тун уулу болгон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Садранын жашоосун үч этапка бөлсөк болот: биринчиси, окуучулук, экинчиси дубана жана үчүнчүсү устаттык. Окуучулук этабы жашоосунун алгачкы жылдарынан баштап отуз жашка чейин созулган. 21 жашына чейин Садр ад Дин, туулуп өскөн шаары Ширазда жашап, ошол жерде орто билим алган, ислам коомунда орто билими бар адам перс жана араб адабияты, синтаксис, логика, философия, тарых, Курандык экзетика жа фикхтибилген адам эсептелет. XVII-кылымдын башында Садра Казвин тарапка сапар алган, Казвин ал заманда Сефевиддердин борбор шаары катары саналган жана кабарлар, экзетика, философия илимдерин Баха Дина Амули жана Мир Дамаддын кол алдында окуган. 1598-жылы Сефевиддердин борбору Казвин шаарынан Исфахан шаарына которулганда, Садра өзүнүн устаздары менен жаңы борборго окуусун улантканы жөнөгөн. Садра Исфахандан үйлөнгөн, бирок анын аялы жөнүндө маалымат жок. Андан сырткары Садранын Исфахандан Кахак шаарына көчкөнү жөнүндө маалыматтар да жок. Анын көчүшүнүн себеби жалгыздыкка болгон муктаждык, аскеттик көнүгүүлөргө жана медитацияга мүмкүнчүлүк алуу болгон. Кахактагы дербиштик жашоосу (окумуштуулардын айтусунда болжол менен 8 жылдан 15 жылга чейин) Садранын жашоосунун экинчи этабы. Болжол менен 1612-жылы Фарстын өкүмзаарынын чакыруусу менен Шираз шаарына кайтып келген жана жаңы ачылган медреседе сабак берүүнү баштаган, кээ бир маалыматтар боюнча медресе атайын Садра үчүн салынган жана анын аты медресени салган “Аллах верди хан” деп аталган. Маалыматтарга ылайык Шираз шаарында анын эмгектеринин көбүнчө бөлүгү жазылып Кахакта баштаган эмгектери соңуна чыккан. Садра жети ирет Меккеге ажыга барып келген. Ал 1640-жылы Баср шаарында жетинчи ирет ажыдан келе жатып көз жумган, анын сөөгү Нажаф шаарына алынып келинип Али шииттердин биринчи имамынын жанында көмүлгөн.

Мулла Садранын эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Садранын негизги эмгектери, жети томдук “Төрт саякат”: биринчиси, «Айбандан Кудайга болгон саякат», экинчиси, «Кудай менен Кудайдын ичине саякат», үчүнчүсү, «Кудай менен Кудайдан айбанга болгон саякат», төртүнчүсү, «Кудай менен айбандын ичине болгон саякат», “Башталыш жана кайрылып келүү” (Ал Мабда ва ал мад), “Арштын даанышмандыгы” (ал Хикма ал аршия), Ибн Синанын “Даба” метафизикалык эмгегине комментарий, Кутб ад Дин аш Ширазинин Сухравардинин “Акылмандыктын кыраакылыгы” эмгегине болгон комментарийине корутунду, “Кудайдын далили” (аш Шавахид ар рубубийа), ал эми Куранга комментарийлер жана ал Кулининин эмгегине жазган комментарийлерининакырына чыкпай калган. Толук санаганда Садрага элүүгө жакын эмгектер таандык, анын ичинде перс тилинде жазылган диван.

Мулла Садранын философиялык көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мулла Садранын окуусунда, философия Кудайды тууро, ага жакындоо, ошондуктан философияны тигил же бул дин тутунууда тыюуга болбойт. Ибн Сина айткандай чыныгы вужуд Кудайда гана, ал жалгыз улуу Акыйкат. Мулла Садра пантеист болгон эмес. Ал жөн гана Кудайды баардык нерсенин булагы катары баалаган: биз көргөн жана сезген нерсенин баарысы Кудайдын жарыгынынын акыркы бөлүгүн батырган жөн гана баштыкчалар деп эсептеген. Ошол эле учурда Кудай күнүмдүк акыйкаттан жогору. Анын бирдигин бул дүйнөдө Кудайдан башка зат жок деп түшүнүүгө болбой, анын бирдиги жана жалгыздыгы күн жана андан чачырыган нурундай. Мулла Садра Кудайдын заттыгын же Сокурдугун, анын ар түрдүү көрүнүштөрүнөн айырмалаган, Мулла Садранын мындай ою каббалистердей жана ирак исихастарындай болгон. Мулла Садранын системасы боюнча, бүткүл аалам анын Сокурдугунан чыгат жана ар кыл ииздери менен биримдиктүү өңдү түзөт, Кудайга жете билүүнүн тепкичтери анын атрибуттарында же аяттарында. Андан сырткары бул тепкичтер адамдын вужудбулагына кайрылып келүүнү ыйба көрѳт. Исихастар сыяктуу эле, Садра дагы Кудайды бул дүйнөдө эле таанып билсе болот деп эсептеген. Ал рационалдык гана билимдерди бул жолдо эсепке алган эмес, Кудайды таанып билүүдө адам мистикалык аалам, митхалды, көрүнүш жашоосун жана көркөм элестетүүнү басып өтүшү абзел. Ар бир мусулман Кудайга өзүнүн элеси аркылуу жетиши мүмкүн. Куран же Хадис бейиш жөнүндө айтып жаткан болсо, ал анын сырткы түзүлүшүн, орун алган жерин айкындабайт, ал анын ички көрүнүшүн, көздөн кайым белгилерин айтат. Адамдын аракети жана каалосу өз элесинде сүрөткө тартылат жана анын сүрөтү чагылдырылат, мындайча айтканда каалонун элестетүү сүрөтү анын акыйкатта барлыгын ачат. Бирок кубануу жана ырахат, тозоктун жана бейиштин элеси, жакшылык жана жамандык, адамга келчү баардык нерселер жана акыреттеги анын акыбети, адамдын “мен” деген булагынан ѳтѳѳрү жок. Мулла Садра, Арабиге аябай сый көрсөткөн жана ал да Араби сыяктуу Кудай жөнүндө элестетүүнү, аны башка бир жерде экенин, бейиштин ааламдын башка жеринен орун алышын, башка алыскы дүйнөнү, адамдар өлгөн соң ошол жерге бараарын элестеткен эмес. Асман жана Кудайдын дүйнөсүн ар бир адам өзүнүн ичинде, төрөлгөндөн бери келген рухунда издөөнү дурус көргөн.Мулла Садра сунниттерге, суфилерге, грек философторуна жана шиизм имамдарына аябай сый урмат көрсөткөн, бул шиизмдин фанаттык жана жабык дин уюму эмес экендигин далилдеп турат. Көптөгөн мусулмандар азыркыга чейин Мулла Садраны улуу ислам ойчулу катары баалашат жана анын эмгектерин толук түрдө мусулман философиясынын түспөлү, метафизика жана руханияттын кошулушу катары аныкташат. Батышта Мулла Садра азыр гана аты чыга баштады, азыркы учурда англис тилине анын бир эле трактаты которулган. https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%85%D9%84%D8%A7%D8%B5%D8%AF%D8%B1%D8%A7 Философия