Мулхакат ас-сурах

Википедия дан

«МУЛХАКАТ АС-СУРАХ», «Ас – Сурах эмгегине кошумчалар» – тарыхчы-илимпоз Жамал Каршинин араб тилинде жазган эмгеги. «Мулхакат ас-Сурах» лингвистикалык эмгекке кошумча иретинде жазылып, тарыхый биографиялык жана тарыхый-адабий негизде иштелген. Бул эмгекте Теңир-Тоодогу Караханийлер доорунун жана андан кийинки мезгилдин (10–13-к.) тарыхы үчүн бир катар оригиналдуу маалыматтар камтылган. Бул китептеги айрым маалыматтар 11-кылымда Теңир-Тоодо жашаган тарыхчы ал-Алмайинин бизге жетпей калган «Кашкардын тарыхы» чыгармасынан алынган. Азыркы мезгилде «Мулхакат ас-Сурахтын» эки кол жазмасы белгилүү (экөө тең Санкт-Петербургда).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.