Мультикультуризм

Википедия дан

Мультикультуризм - бул кайсы бир өлкөдөгү жана бүтүндөй дүйнөдөгү маданий бөтөнчөлүктөрдү өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган саясат, теория же идеология.

Мультикультуризм саясий либерализмден маанилүү айырмасы - улуттук жана маданий топтор сыяктуу жамааттык субъектердин укуктарын таануусунда. Мындай укуктарга улуттук жана маданий жамааттарга өздөрүнүн мүчөлөрүн окутууну башкаруу, саясий баа берүү ж.д.у.с. мүмкүндүктөрдү берүү кирет. Мультикультуризм маданияттардын баарынын бир маданиятка кошулуп кетүүсүн болжолдогон «эритүү казаны» (англисче - meltingpot) концепциясына карама карты коюлат. Мисал катары, Мультикультуризм жайылтылган Канаданы же илгертен эле «эритүү казаны» концепциясы жарыяланып келген АКШны көрсөтүүгө болот.

Мультикультуризм - көпчүлүк маданияттын жалпы адамзаттык нукта өз ара жайылыш, байыш жана өнүгүш максатында маданияттардын жанаша жашоосун талап кылуудан турган чыдамдуулуктун аспекттеринин бири болуп саналат. Мультикультуризм идеясы негизинен маданий өнүгүштүн илгертен эле бийик деңгээли бар Европанын жогору өнүккөн коомдорунда сунушталат. Азыркы Европада Мультикультуризм баарынан мурун анын маданий талаасына «үчүнчү дүйнөнүн» (анын ичинде европалык өлкөлөрдүн мурдагы колонияларынан да) иммигранттарынын маданиятынын элементтерин киргизүүнү болжолдойт. Мультикультуризм сындоочулар жыйынтыгында көп кылымдардан берки маданий негиздердин, өнүккөн маданий салттардын толугу менен талкаланышын ырасташат, анткени мындай чалмакейлик дайыма орто заарлыкка алып келет. Алардын пикири боюнча, эгер келгиндердин маданий өнүгүшүнүн төмөнкү деңгээли сөзсүз түрдө жогоруласа, анда Мультикультуризм өлкөсүнүн жогорку маданий деңгээли сөзсүз түрдө төмөн түшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8