Мультиплекс

Википедия дан

Мультиплекс (Мultiplexer) – эки же андан көп сигналды жыйнап, бир агымга бириктирүүчү жана аны байланыш каналдары аркылуу жиберүүчү түзүлүш. Маалымат жиберилген жактагы мультиплекс берилиштерди агымга топтоо алдында ар бир тамганы коддойт. Кабыл алуучу жагындагы мультиплекс ушундай коддолуп жиберилген берилиштердин топтолгон агымын кайрадан ажыратып, алгачкы калыбына алып келет. Айрым берилиштерди агымдарга топтоштуруу менен мультиплекс байланыштын натыйжалуулугун жогорулатат. Көбүнчө мультиплекстер тышкы модем менен туташтырылат же мультиплекстин ичине ички модем орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]